Ош облусунун аймагында жер титиреди

08:37, 13 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү 5,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Ничке-Сай, Зергер, Тосой айылдарында −5 балл, Салам-Алик айылында-4,5 балл, Ош шаарында 3 балл, Жалал-абад шаарында 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.