8-августта Талас шаарындагы батирден 80 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кечээ саат 17:45 чамасында куткаруучулар 1-май көчөсүндөгү батирдин эшигин ачышкан.
Ичинен 1939-жылы туулган Д.Л. аттуу аял кишинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.