15:56, 09 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунда адам өлүмүнө шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, карамалган жаранга үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда Жалал-Абад ШИИБ тарабынан киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган.
Кылмышка шектүү жашынып жүргөн жеринен, Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда кармалды.