11:29, 09 августа 2019, Бишкек - 24.kg
7-августта Чоң-Алай районундагы Түндүк-Кымыздык мөңгүсүнөн келе жатып жаракат алган Россиянын жаранына жардам берүү үчүн куткаруучулар жөнөп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган аймакка Россиядан келген 6 турист эс алганы барган. Мөңгүдөн түшүп келе жатып 1988-жылы туулган Р.Л. аттуу адам бутун сындырып алып, куткаруучулардан жардам сурап кайрылган.
Куткаруучулар Карамык айылына жетип түнөп калышты. Жардам көрсөтүү иштери бүгүн да улантылат.