09:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында 26-августка чейин кармалат

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында 26-августка чейин кармалат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Айтымында, УКМКга Биринчи Май районунун судьясы Адылбек Субанкулов чакырылды. Сот Атамбаевди 26-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

«Кармоо жана зордоп алып келүү тууралуу документти эч ким көрсөткөн жок. Азиз Батукаевдин иши боюнча шектенүүнү кабарлоого чейин эле документтер даярдалганына эч ким жооп берген жок. Алмазбек Атамбаевге билдирүүнү берип, дароо эле баш коргоо чарасын тандашты», -деди ал.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

Кечээ саат 21:00дө мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармап УКМКнын имаратына сурак берүүгө алып келишкен. Анын жанында жактоочусу Сергей Слесарев бар. Азырынча саясатчыга кандай айыптар тагылаары белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар