16:26
USD 84.80
EUR 102.91
RUB 1.16

Кой-Ташка медиктердин 11 бригадасы жөнөтүлдү

Кой-Ташка медиктердин 11 бригадасы жөнөтүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунан 6, Бишкектен 5 бригада чыгып кетти.

Буга чейин мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фарид Ниязов кайрадан Атамбаевдин үйүн басып алууга аракеттер болгонун айтты.

Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар