16:42, 08 августа 2019, Бишкек - 24.kg
УКМКнын жеке курамы акырына чейин турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз отурумунда УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаев айтты.
Ал «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков тууралуу кеп салды.
«Ал эр жүрөк болчу. Террорчуларды кармоо боюнча бир канча операцияларды аткарган. Мен аны менен бирге иштештим. Мен ага полковник наамын берүүнү чечтим. Ал снайпердин огунан жаракат алды, биз баарыбыз эле Атамбаевде снайпер бар экенин жакшы билебиз», -деди ал.
Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.
Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.
27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.