Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Кой-Таштагы окуя тууралуу түшүндүрмө берип, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Ал пикирин Инстаграмга жазды.
Алия Шагиеванын пикиринде, бийлик кечээки окуяны жалган чечмелеп жатат. Алар атайын кызматтын атасынын үйүнө келгенин Азиз Батукаевдин иши боюнча көрсөтмө бериши керектигине байланыштырышууда. Бирок, Шагиева атасынын буга чейин журналисттерге билгенинин баарын айтып бергенин эскертет. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев тергөөнүн каалаган суроосуна кат түрүндө жооп берүүгө даяр экенин жазат.
«Элди кооптуу нерсеге түртүп, алардын коопсуздугун жана ден соолугун коркунучка кептеп биринчи эле секунддан баштап аткылоого кереги бар беле Сооронбай Шарипович? Бизде көрсөтмөнү ушундай жол менен алышабы? Атам Конституциялык палатанын чечимин күтүп суракка барган эмес. Анткени буга чейинки Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун «жөн гана көрсөтмө берүүдөн» кийин камакка алынганын жакшы билебиз», -деп жазат Алия Шагиева.
«Атайын кызматтын кызматкерлери бул ишти билип туруп саат кечки 8де кирип барышты. Алар атайлап интернетти, айрым телеканалдарды өчүрүштү», -деп кошумчалады ал.
Бийлик эң начар ыкманы колдонуп, ЖМК аркылуу атамды жаман көрсөтүүдө. Алар атамды аялдардын жана балдардын аркасына жашынып алды деп туура эмес маалымат таратышууда. Сиз соосузбу, айтыңызчы? Сиз өзүңүз атамдын жанына эл чогулган маалда УКМКнын кишилерин жибердиңиз. Андан көрө элге аскердик ок жаңылган «желим октор» тууралуу айтып бериңизчи
Алия Шагиева

