Орусиянын элчилиги Кой-Таштагы окуяга эч кандай түшүндүрмө бербейт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматкери Виктор Харченко билдирди.
«Атамбаевдин айланасындагы абал тууралуу эч кандай түшүндүрмө бере албайбыз. Бул Кыргызстандын ички иши. Биз ага аралашпайбыз. Биз болгону жарандарды эл жыш жайгашкан жерлерден алыс болууну эскертип жатабыз», -деди ал.
Айтымында, элчиликтин кызматкерлери Чолпон-Атада жүрүшөт. Анда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына толук даярдык көрүлүүдө. «Отурум башка күнгө жылган жок, өкмөт башчылардын келишине даярдык жүрүп жатат», -деп билдирди Виктор Харченко.

