Дастан Бекешев УКМКнын башчысын отставкага кетиши керек деп эсептейт

10:05, 08 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Депутат Дастан Бекешев УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев кечээки окуядан кийин отставкага кетиши керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал социалдык тармактарга жазды.

Эске салсак, кечээ мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ийгиликтүү ишке ашкан жок. УКМКнын бир кызматкери октон каза таап, дагы күч түзүмдөрүнүн 10дон ашуун кызматкери жаракат алышкан. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынан дагы жаракат алгандар кабарланган.

Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.