Эгемендүүлүк күнүнө карата эл аралык айтыш өтөт

09:14, 08 августа 2019, Бишкек - 24.kg

30-31-август күндөрү төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналган XIII эл аралык айтыш өтөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка таянсак, иш-чарага Казакстандан сегиз акындын келиши күтүлүүдө. Айтыш Улуттук филармониянын чоң залында жалпы 16 төкмө акындын катышуусунда өтөт.

«Тандоо туру 20-августта КТРКнын концерттик залында өтөт. Байге фонду — 2 миллион сом», — деп жазылат маалыматта.