Криминалдык төбөл Алмаз Сулайманов жатак абакка которулду

14:50, 07 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Лимонти лакап аты менен таанымал криминалдык төбөл Алмаз Сулайманов жатак абакка которулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, уюшкан кылмыштуу топтун лидери Чүй облусуна караштуу Беловодское айылындагы № 16 колонияда жазасын өтөгөн. Өткөн жумада аны Балыкчыдагы жатак абакка которушту.

Эске салсак, Алмаз Сулаймановду адам өлтүрүү, каракчылык менен талап-тоноо жана пара талап кылуу беренелери боюнча камашкан. 1999-жылы Нарын райондук соту Лимонтини атуу тууралуу өкүм чыгарган. Бирок, өлүм жазасын аткарууга ал кезде мораторий жарыяланган болчу.