Ош шаарында Osh Fest-2019 туристтик фестивалы уюштурулат

10:13, 07 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында Osh Fest-2019 туристтик фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара быйыл экинчи ирет уюштурулууда.

Аталган фестиваль 17-августа Алымбек датка атындагы сейил багында өтөт. Анда ашпозчулар тамак-ашын, кол өнөрчүлөр буюмдарын элдин сынына коет. Мындан сырткары концерттик программа коштоп турат.