16:15, 06 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында тоо-кен байлыктарын иштетүү укугун берчү лицензиялардын саны 2 миң 440ты түздү. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен байлыктарын иштетүү комитети билдирди.
Лицензиялардын ичинен 475и алтын, 104ү металл, 326сы көмүр, 58и невть, 1 миң 62си кен эмес байлыктар, 415и сууга берилген. Ресурстарды издөөгө 227, чалгындоого 915, иштетүүгө 1 миң 298 лицензия берилген.
Жыл башынан бери жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн 182 арыз келип түшкөн.