Ноокат районунда оор жүк ташуучу унаа өрттөндү

15:11, 06 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Ош облусуна караштуу Ноокат районунда кебез жүктөп бара жаткан оор жүк ташуучу унаа өрттөндү. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бүгүн саат 12:30да «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтоп турган маалда электр зымдарынан өрт чыккан. Кесепетинен кабина күйүп кетти. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылды, жабыркагандар катталган жок.

Учурда өрттүн себептери аныкталууда.