Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, «Кумтөр» кенинде 301 миң 373 унция, же 9 тонна 373,76 килограмм алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу аталган компаниядан маалымдашты.
«Кумтөр» 4,22 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.
Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү
«Кумтөр» кениндеги 2019-жылдын II чейрегиндеги алтын ɵндүрүүнүн кɵлɵмү 151 миң 65 унцияны түздү. Ал эми 2018-жылдын ушул эле мезгилинде алтын ɵндүрүү 83 миң 802 унцияны түзгɵн. Быйыл II чейрегиндеги алтын ɵндүрүүнүн кɵлɵмү №18 жана №19 жумуш зоналарынан кампада сакталган бай руданы ɵндүрүү жана жогору ылгоо коэффициенти эсебинен ɵскɵн.
2019-жылдын экинчи чейрегинде 153 миң 307 унция, же 4 768,38 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Анда жалпы киреше бул жылдын экинчи чейрегинде 197,7 миллион долларды түздү.
Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, тоо-кен иштерине жумшоолор ушул жылдын II чейрегинде 52,4 миллион долларды түздү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,8 миллион долларга кыскарган. Жумшоолордун кыскаруусунун себеби- иштетилген тоо массаларынын азайуусу менен байланыштуу. Мындан тышкары ташуу дистанциясынын кыскаруусу, аба-ырайы шарттары, дизель май сатып алуу чыгымдары (1.9 млн доллар) кыскарганына байланышкан.
Фабрикалык жумшоолор 2019-жылдын II чейрегинде 18,1 миллион долларды түздү. Өткөн жылы 16,6 миллион долларды түзгɵн. Бул жумшоолордун ɵсүүсү негизинен кɵмүр күкүмүн кайра иштетүү чыгымдары 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кɵбɵйгɵнүнɵ байланышкан (анткени ал кезде кɵмүр күкүмү иштетилип башталган эмес).
Ошондой эле катуу порода иштетилип баштаганынан улам, майдалоочу каражаттарды сатып алууга чыгымдар ɵскɵн. Мындан тышкары, бул жумшоолордун ɵсүүсүнөн цианид колдонуу кɵбɵйүп, анын баасы кɵтɵрүлгɵнүнɵн улам, сатып алуу чыгашасы да ɵскɵн. Бул жумшоолордун бɵлүгү тегирмендердин футировкасын алмаштыруу убактысына байланыштуу чыгымдар аз болгону менен компенсацияланат.
Кенди багууга жумшоолор
2019-жылдын II чейрегинде кен ишкананы багууга жумшоолор 12,0 миллион долларды түздү, ал эми 2018-жылы 12,8 миллион долларды түзгөн. Бул кыскаруу, келишим кызматтарынын азайганынан улам кызмат акысы (0,6 млн доллар) азайганына, лагердин материалдык-техникалык камсыздоосуна жумшоолордун кыскаруусуна байланышкан.
Башка жумшоолордун динамикасы:
Өндүрүм сатып ɵткɵрүүгө байланышкан эскирүү, амортизация чыгашалары көбөйүп, 2019-жылдын II чейрегинде 43,6 миллион долларды түздү. Былтыр ушул чейрегинде 31,0 миллион долларды түзгɵн. Себеби, сатып өткөрүү кɵлɵмү ɵскɵн жана №19 жумуш зонадан руда чыгышынан улам кыртыш ачуу иштеринин капиталдаштыруусунун амортизациясы да ɵскɵн.
Негизги фондуларды колдоо үчүн жыйынды жумшоолор:
Негизги фонддорду колдоо үчүн жыйынды жумшоолор орто-аралык продуктунун негизинде сатылган продукциянын унциясына карата саналып, дүң киреше салыгын эсепке албаганда, быйыл II чейректе 562 долларды түздү. Былтыр ушул мезгилинде 1 071 долларды түзгɵн болчу. Бул кыскаруу негизинен продукцияны сатуу кɵлɵмүнүн ɵсүшү жана капиталдаштырууга жаткан кыртыш ачуу иштеринин кɵлɵмүнүн азайышы менен байланышкан.
Негизги өндүрүштүк натыйжалар
Башкасы берилбесе, млн USD менен3 |
Чейрек, 30-июнга арата |
|
Жарым жыл, 30-июнга арата |
|||||||
2019 |
2018 |
% өзгөрүү |
|
2019 |
2018 |
% өзгөрүү |
||||
Финансыдагы негизгилер: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн USD)2 |
|
197,7 |
|
117,3 |
69% |
|
392,6 |
|
270,3 |
45% |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы (накталай акча) |
|
57,2 |
|
44,4 |
29% |
|
108,4 |
|
87,0 |
25% |
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы (нак эмес) |
|
43,6 |
|
31,4 |
39% |
|
84,6 |
|
67,1 |
26% |
Сатып өткөрүлгөн продукциянын4 өздүк наркы (млн USD) |
|
100,8 |
|
75,8 |
33% |
|
193,0 |
|
154,1 |
25% |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Сатып өткөрүлгөн продукциянын4 өздүк наркы (унциясынаUSD) |
|
658 |
|
837 |
(21%) |
|
636 |
|
742 |
(14%) |
Өндүрүштүк акчалай агым |
|
92,7 |
|
52,9 |
75% |
|
212,7 |
|
95,9 |
122% |
Жүгүртүү капиталдагы өзгөрүүлөргө чейинки өндүрүштүк акчалай агым4 |
|
105,9 |
|
52,0 |
104% |
|
215,7 |
|
136,6 |
58% |
Өндүрүштөгү негизгилер: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) |
|
39949 |
|
43 493 |
(8%) |
|
89 143 |
|
90 807 |
(2%) |
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) |
|
2630 |
|
957 |
175% |
|
4 507 |
|
2 361 |
91% |
Рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) |
|
1,45 |
|
1,72 |
(15%) |
|
1,74 |
|
1,90 |
(8%) |
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) |
|
1 575 |
|
1 571 |
0% |
|
3 151 |
|
3 239 |
(3%) |
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) |
|
3,48 |
|
2,27 |
53% |
|
3,60 |
|
2,43 |
48% |
Алтынды ылгап алуу коэффициенти (% менен) |
|
82,3% |
|
70,3% |
17% |
|
82,1% |
|
71,4% |
15% |
Тоо-кен иштерине жумшоолор (тоннасына USD) |
|
1,32 |
|
1,23 |
7% |
|
1,16 |
|
1,15 |
1% |
Кайра иштетүүгө жумшоолор (тоннасына USD) |
|
11,51 |
|
10,55 |
9% |
|
11,22 |
|
9,89 |
13.4% |
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)1 |
|
151 065 |
|
83 802 |
80% |
|
301 373 |
|
184 023 |
64% |
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) |
|
4 698,65 |
|
2 606,54 |
80% |
|
9 373,76 |
|
5 723,76 |
64% |
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)1 |
|
153 307 |
|
90 620 |
69% |
|
303 574 |
|
207 539 |
46% |
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) |
|
4 768,38 |
|
2 818,60 |
69% |
|
9 442,21 |
|
6 455,19 |
46% |
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы4 (унциясына USD) |
$ |
1 289 |
$ |
1 294 |
(0%) |
$ |
1 293 |
$ |
1 302 |
(1%) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого)4 (млн USD) |
|
11,3 |
|
9,9 |
14% |
|
20,3 |
|
21,2 |
(4%) |
Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)4 (млн USD) |
|
4,5 |
|
5,9 |
(24%) |
|
6,5 |
|
9,4 |
(31%) |
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)4 (млн USD) |
|
12,1 |
|
36,6 |
(67%) |
|
29,4 |
|
65,3 |
(55%) |
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)4 |
|
3,5 |
|
11,2 |
(69%) |
|
9,0 |
|
21,0 |
(57%) |
Капиталдык жумшоолор (жалпы) |
|
31,4 |
|
63,6 |
(51%) |
|
65,2 |
|
116,9 |
(44%) |
Бир даана өндүрүм чыгымдары: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор4 (унциясына USD) |
$ |
407 |
$ |
555 |
(27%) |
$ |
391 |
$ |
475 |
(18%) |
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 (унциясына USD) |
$ |
562 |
$ |
1 071 |
(47%) |
$ |
557 |
$ |
895 |
(38%) |
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор салыктарды кошкондо4 (унциясына USD) |
$ |
744 |
$ |
1 254 |
(41%) |
$ |
739 |
$ |
1 078 |
(31%) |
1 - Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
2 - Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
3 - Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн
4 - «Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт жана Центерранын 2019-1-майдагы пресс-релизинде “Non-GAAPMeasures” бөлүмүндө баяндалат
5 – Финансылык көрсөткүчтөр «Центерранын» 2019-жылдын 1-майдагы пресс-релизине негизделген
Кыргыз Республиксынын казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар
2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 4,22 миллиард сомдон ашты.
30-июнь, 2019-жылга карата
Төлөмдүн түрү (АКШ доллары менен) |
Биринчи чейрек |
Экинчи чейрек |
Дүң кирешеге салык |
10 947 177 |
29 585 268 |
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым |
2 043 231 |
2 275 790 |
Экологиялык төлөм |
310 000 |
- |
Бардыгы |
13 300 408 |
31 861 057 |
Чейректин соңуна карата АКШ долларынын КР сомуна карата расмий курсу |
69,8496 |
69,4928 |
Төлөмдөрдүн эквиваленти сом менен |
929028179 |
2 214 114 061 |
Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.
30-июнь, 2019-жылга карата
Төлөмдүн түрү (сом менен) |
Биринчи чейрек |
Экинчи чейрек |
Кызматкерлердин кирешесине салык |
101 803 525 |
89 661 508 |
КРдын Социалдык фондуна төлөмдөр |
461 734 642 |
386 137 482 |
Бажы төлөмдөрү |
4 353 000 |
5 710 000 |
Резидент эместердин кирешесине салык |
4 368 386 |
4 931 646 |
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар |
9 761 878 |
9 176 628 |
Бардыгы |
582 021 431 |
495617263 |
«Кумтөр» кени Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2019-жылдын 30-июнуна чейин «Кумтөрдө» жалпысынан 12,3 миллион унция алтын өндүрүлгөн.
«Центерранын» президенти Скотт Перри бул тууралуу мындай дейт: «Кумтɵр» кенинде келишим боюнча иштеген ишканалардын кызматкерлери ушул чейректе олуттуу коопсуздук кɵрсɵткүчкɵ - бир жыл жумуш убактысын жоготуусуз иштɵɵгɵ ийгиликтүү жетишкенин кубаныч менен билдиремин.
Ал эми фабрикада руда иштетилип, алтын ɵндүрүүнүн кɵлɵмү чоңураак болгонуна байланыштуу, Кумтɵрдө жалпысынан 151 065 унция алтын ɵндүрүлгɵн. Ушул жылдын биринчи чейрегинде байкалган карьердин түндүк-батыш боорундагы жылышуулар турукталып, 2019-жылдын II чейрегинде грунттун жылышуулары байкалган эмес
Скотт Перри
«Экинчи чейректин жыйынтыктары компаниянын позицияларын бекемдɵɵгɵ, быйылкы күтүлгɵн алтын ɵндүрүүнү 550,000-575,000 унцияга чейин кɵтɵрүүгɵ мүмкүнчүлүк берди», -дейт ал.
«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.
«Центерра Голд» Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү канадалык компания. «Центерранын» эки негизги активи - Кыргыз Республикасында «Кумтөр» алтын кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» алтын жана жез кени бар жана Түркияда «Оксут Голд» кенинде кен ишкана курууда. «Центерра Голд» «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.
Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААК аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн - 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2019-жылдын 5-августуна карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 633 миллион доллардан ашты.
«Центерра Голд»жөнүндө кошумча маалымат жана толук пресс-релиз www.sedar.com SEDAR системасында, www.centerragold.comжана www.kumtor.kgкорпоративдик сайттарда.