03:02
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Чүйдө 700 гектар аянттагы куураган чөп өрттөнүп кетти

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Ударник айылындагы талаада 250 гектардагы чабылган арпанын орду жана тоонун боорундагы 700 гектар аянттагы куураган чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындан тышкары Кемин районунун Орловка шаарында ачык аянттагы 50 гектардагы куураган чөп күйгөн.

Аталган облуска караштуу Москва районунун Сретенка айылында 2 гектардагы куураган чөп өрттөндү. Учурда аталган кырсыктардын себептери такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар