Бишкекте жаш баланы уурдап кетишти

08:45, 06 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ Бишкекте жаш баланы уурдап кетишти. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка таянсак, нөөмөт бөлүмүнө кечки саат 7 жарымда Рыскулов менен Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинен баланын уурдалганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. 5 жашар баланы азият улутундагы 3 киши энесинин колунан жулуп алып, кара түстүү унаага салып качып кетишкен.

Көп өтпөй шектүүлөр жана уурдалган бала отурган унааны кармашты.