Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчөт

08:40, 06 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:

  • 9.00-17.00 — Абдрахманов, 137, Л.Толстой, 22;
  • 9.00-18.00 — Чүй проспектиси, Ауэзов көчөсү, «Учкун», «Арча-Бешик» (Садырбаев, Абдрахманов, 6-9-көчө);
  • 9.30-18.00 — Юнусалиев, Ахунбаев, Минин көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Кубанский бурулушу, «Алтын-Ордо» (3-6-көчө), «Ак-Босого» (Чүй 29-32, Чүй 54-61, Тоголок Молдо, Кулиев, Саадаев);
  • 9.30-19.00 — Матросов, Бектенов, Карасаев, Горький көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Тунгус бурулушу.