Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматтан кетти

15:56, 05 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Алмаз Оңолбеков берген арызына ылайык Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Маалыматты 24.kg агенттигине өкмөттүн аппаратынан тастыкташты.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Маалыматка караганда, анын ордуна Алтынбек Торутаев дайындалды. Ал буга чейин төраганын орун басары болуп иштеген.

Белгилей кетсек, Оңолбековдун дарегине карата бир канча сындар айтылып келген.