Чүйдө адам тоноого шектүү делген жаран кармалды

13:37, 05 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Чүйдө адам тоноого шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сокулук РИИБга Бишкек шаарынын 38 жаштагы жашоочусу М.У. арыз менен кайрылган. Ал Ново-Павловка айылындагы базардын жанынан азиат улутундагы бейтааныш бала эч себепсиз уруп, 2 миң сомго жакын акчасын алып кеткенин билдирген.

Аталган окуяга шектүү делип 22 жаштагы А.О. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.