Бишкектеги жаңы эс алуу жайына 245 заманбап жарык бергичтер орнотулду

12:22, 05 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Токтоналиев көчөсүнүн ортосундагы Масалиев көчөсүндө жайгашкан жаңы эс алуу жайын куруу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Бишкексвет» ишканасы 245 заманбап жарык бергичтерди орнотту. Аталган жайды ирээтке келтирүү иштери мөөнөтүнөн 15 күн мурун аяктады.

Эске салсак, жаңы эс алуу жайдын аянты 10 гектарды түзөт.