Отуз-Адыр каналынан эркек кишинин сөөгү табылды

11:46, 05 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

4-августта Таш-Арык айылындагы Отуз-Адыр каналына 1967-жылы туулганэркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине 27 куткаруучу тартылып, кечээ саат 19:16да маркумдун сөөгүн суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришти.