Өлкө аймагында бир сутка ичинде 45 өрт кырсыгы катталды

11:34, 05 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Өлкө аймагында бир сутка ичинде 45 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, Бишкек шаарында 7, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 17, Ысык-Көл облусунда 5, Талас облусунда 3, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 7, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 58 бөлүм тартылган.