Айсулуу Тыныбекова аялдар күрөшү боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды

08:41, 05 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Poland Open аялдар күрөшү боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды. 

Фото

Иш-чара 2-4-август күндөрү Варшавада өттү. 62 килограмм салмак ченинде 20 спортчу ат салышты. Алардын катарында Айсулуу Тыныбекова дагы бар. Ал Швеция, Украина, Орусиядан келген балбан айымдар менен беттешип финалга чыкты. Чечүүчү беттеште Тунистен келген спортчу менен ат салышмак, бирок беттешке чыгуудан баш тартты.

«Айсулуу бутунун булчуңун кичине чойдуруп алган. Алган жаракатын дагы ырбатып жибербесин деп башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков аны финалга чыгарган жок. Калыбына келүү үчүн бир жумага жакын убакыт кетет», -деп билдирди 24.kg агенттигине Кыргызстандан спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев.