Быйыл 6 ай аралыгында ала качуу фактысы боюнча 118 кылмыш иши козголду

16:22, 02 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда 118 ала качуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Улан Рысбеков журналисттерге билдирди.

«Быйыл 6 ай аралыгында ала качуу фактысы боюнча 118 кылмыш иши козголду. Анын 94ү нике кыюу максатын көздөгөн болсо, 12си аргасыздан нике кыюу фактысы болгон. Иштин басымдуу бөлүгү сотко өттү», -деди Улан Рысбеков.

ИИМдин маалыматына ылайык, ала качуу көбүнчө айыл жергесинде катталат.

Эске салсак, жаңы Кылмыш кодексинде ала качуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөн. Анда 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Мындан тышкары жашы жете элек өспүрүм кыздарды мажбурлап турмушка бергендерге 200 миң сомдон айыппул төлөтүү каралган.