Бүгүн Ош шаарындагы «Семетей» кинотеатрында өрт чыккан

16:25, 01 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Ош шаарындагы «Семетей» кинотеатрында өрт чыккан. Бул тууралуу Ош шаарындагы ӨКМ башкармалыгынан билдиришти.

Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү барып, тилсиз жоону өчүрүшкөн.

Өрттүн себептери такталууда. Окуя болгон учурда кинотеатрда көрүүчүлөр болгон эмес.