Жаңы үлгүдөгү унаа каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк колдонууга киргизилди

15:01, 01 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Жаңы үлгүдөгү унаа каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк колдонууга киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Эске салсак, аталган кызмат тарабынан 26-июлдан тарта унаалардын жаңы үлгүдөгү күбөлүгү бериле баштаган. Жаңы үлгүдөгү күбөлүктүн колдонууга кириши менен мурда берилген күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу талабы коюлбайт.

«Жаңы үлгүдөгү күбөлүк ушул жылдын 26-июлунан тарта катталган жана кайра катталган транспорт каражаттарына берилет, ал эми мурда берилген эски үлгүдөгү күбөлүктөр кийинки кайра каттоого чейин өзүнүн юридикалык күчүн жоготпойт», -деп айтылат маалыматта.