Бишкекте эки жигит унаа уурдоого шектүү делип кармалды

14:33, 01 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте эки жигит унаа уурдоого шектүү делип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

29-июлда Октябрь райондук милициясына Б.К. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылып, «Кара-Жыгач» тараптан белгисиз бирөөлөр «Фольксваген Гольф-3» унаасын айдап кеткенин билдирген.

Окуяга шектүү катары 2001-жылы туулган С.Ж. жана Т.С. аттуу балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.