Кыргызстанда баланын төрөлүшү боюнча демографиялык көрсөткүч өсүүдө

14:18, 01 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда баланын төрөлүшү боюнча демографиялык көрсөткүч өсүүдө. Бул тууралуу «Азаттык» Улуттук статистика комитетине шилтеме берип билдирди.

Мекеменин демография бөлүмүнүн башкы адиси Жанара Мааткулованын айтымында, мындай көрүнүш 2000-жылдан бери байкалып келет. Мисалы, быйыл алгачкы беш айда былтыркы жылдын ошондой мезгилине караганда 606 балага көп төрөлдү.

«2019-жылы январь-май айларында 70 миң 18 ымыркай төрөлдү. 2018-жылы бул көрсөткүч 69 миң 412 болгон», -деди ал.

Жанара Мааткулова белгилегендей, эркек балдар көбүрөөк төрөлүп жатат. Пайыздык көрсөткүч менен эсептегенде кыздар 48-49, ал эми эркек балдар 51-52 пайыз.