11:57, 01 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча иштин 92 пайызы аяктады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, чек ара линиясынын 85 пайызы 2017-жылы макулдашылып, келишимге кол коюлган. Андан бери болжол менен дагы 8 пайыз макулдашылды.
«Бүгүнкү күндө макулдашылбаган 10го жакын аймак бар. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жер аянттарын айырбаштоону караган жокпуз», -деди Жеңиш Разаков.