06:55
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча иштин 92 пайызы аяктады

Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча иштин 92 пайызы аяктады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, чек ара линиясынын 85 пайызы 2017-жылы макулдашылып, келишимге кол коюлган. Андан бери болжол менен дагы 8 пайыз макулдашылды.

«Бүгүнкү күндө макулдашылбаган 10го жакын аймак бар. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жер аянттарын айырбаштоону караган жокпуз», -деди Жеңиш Разаков.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума