Өзбекстандын премьер-министри жумуш сапары менен Кыргызстанга келди

11:15, 01 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан маалымдашты. 

Фото

«Манас» эл аралык аэропортунда Өзбекстандын премьер-министрин Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.

Жумуш сапардын алкагында Абдулла Арипов кесиптеши Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат. Мындан тышкары Өзбекстандын өкмөт башчысын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алмакчы.