08:44, 01 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Ош шаарына караштуу Ак-Тилек кичи районундагы «Петролеум» май куюучу жайында өрттөнгөн унаа толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эске салсак, кечээ саат 22:23тө күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт саат 23:09да чектөөгө алынып, 23:45те толугу менен өчүрүлдү.
Жабыркагандар боюнча так маалымат жок.