13:52, 31 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Мурунку башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстандан операция жасатуудан баш тартууда. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти.
Маалыматка таянсак, азыркы тапта Аида Салянованын абалы салыштырмалуу туруктуу. Ал баш калаадагы № 1 тергөө абагында мекеменин дарыгерлеринин көзөмөлүндө турат. «ЖАМК дарыгерлери Салянованы карап жатышат. Алардын айтымында, Аида Салянова стационардык дарыланууга муктаж эмес», — деп жазылат билдирүүдө.
Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган. Эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июнга чейин Бишкектеги № 1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.
15-июнда саламаттыгынан улам ооруканага которулуп, бирок он төрт күндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилген.