Жалал-Абад облусунда 20 жаштагы бала муунуп каза болду

16:42, 30 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунда 20 жаштагы бала муунуп каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-июлда саат 21:30 чамасында бактын ичинен 1 метр 30 сантиметр жипке асынып алган баланын сөөгү табылган. Ал Ноокен районунун 20 жаштагы тургуну М.Н. экени аныкталды.

Териштирүү иштери жүрүүдө.