«Электрдик станциялар» ишканасы импорттук көмүрдү ташып келүүгө тендер жарыялады

16:18, 30 июля 2019, Бишкек - 24.kg

«Электрдик станциялар» ишканасы 400 миң тонна импорттук көмүрдү ташып келүүгө тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Көмүрдү сатып алууга 1 миллиард 420 миллион сом бөлүндү.

Маалыматка караганда, көмүрдүн кубаттуулугу 5 миң 500 килокалорийден кем болбошу керек.

Бир канча жылдан бери Бишкек ЖЭБ шабыркүл көмүрүн «Рассвет компани» ортомчу компаниясы аркылуу сатып алып келет.