16:18, 30 июля 2019, Бишкек - 24.kg
«Электрдик станциялар» ишканасы 400 миң тонна импорттук көмүрдү ташып келүүгө тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.
Көмүрдү сатып алууга 1 миллиард 420 миллион сом бөлүндү.
Маалыматка караганда, көмүрдүн кубаттуулугу 5 миң 500 килокалорийден кем болбошу керек.
Бир канча жылдан бери Бишкек ЖЭБ шабыркүл көмүрүн «Рассвет компани» ортомчу компаниясы аркылуу сатып алып келет.