Гүлдөр жана көчөттөр. Бишкектин бийиктиктен көрүнүшү

15:36, 30 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясы Бишкекти жашылдандыруу-көрктөндүрүү тууралуу клип тартты. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек жашылдандыруу чарбасы менен «Тазалыктын» кызматкерлери шаарды жашылдандыруу иштерин улантышууда.

Маалыматка караганда, 2 миллион 193 миңден ашуун гүл отургузулган. Мындан сырткары 6 миңден ашуун ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу көчөттөр тигилген.