08:34
USD 87.45
EUR 103.13
RUB 1.14

Бишкекте 27 жаштагы жаран 3 миң доллар уурдоого шектүү делип кармалды

Бишкекте 27 жаштагы жаран 3 миң доллар уурдоого шектүү делип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук милициясына шаардын бир тургуну кайрылып, үйүн белгисиз бирөөлөр тоноп кеткенин айткан. 16-июлда саат 10:00-12:00 аралыгында белгисиз бирөөлөр Тыныбеков көчөсүндөгү үйүнө терезе аркылуу кирип, 3 миң доллар уурдап кеткен.

Аталган ишке шектүү катары мурда бир нече ирет соттолгон С.Д., аттуу жаран кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар