Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. 8 бейтап ооруканада жатат

11:20, 30 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облустук ооруканасында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган 8 бейтап жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бейтаптардын абалы туруктуу. Калган жабырлануучулар үйлөрүнө жиберилди.

Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жабыркагандар 5 миң сомдон кенемте алышат деп билдирген болчу.

Эске салсак, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында кезектеги жаңжал болгон. Тажикстандык жарандар «Ворух» жазуусунун жанына байрак орнотууну чечишкен. Бул Кыргызстандын жарандарынын нааразычылыгын жараткан. Тараптар бири бирине таш ыргытып, ок чыгарышкан.