Боом капчыгайында кулаган таш бир унааны зыянга учуратты

10:57, 30 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Боом капчыгайында таш кулап, Toyota Wish үлгүсүндөгү унаа зыянга учурады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

29-июлда кечки саат 8де Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 140-чакырымында таш кулаган. Жеңил унаанын ичиндегилер жабыркаган эмес.

Кулаган таштын көлөмү 1 жарым метрди түзөт.