Өлкөдө 5 миңден ашуун жаран мамлекеттик ипотека алууну көздөшүүдө

17:23, 29 июля 2019, Бишкек - 24.kg

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы ишке киргенден тарта жалпы тизмеге 17 миң 383 программанын катышуучусу катталган. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26 тизмеде 9 миң 462 жаран катталган. Анын ичинен 5 миң 130 катышуучу активдүү тизмеде турат. 4 миң 332 зайымчы 5,06 миллиард сомго ипотекалык насыя алышкан.

Мамлекеттик ипотека алгандардын ичинен саны боюнча Бишкек шаары, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустары алдыда.