Кочкордо Сапар Исаковдун тарапташтары митингге чыгууга камданышууда

14:26, 29 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Нарын облусуна караштуу Кочкор айылында мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун тарапташтары митингге чыгууга камданышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акциянын катышуучулары билдиришти.

Айтымдарында, мурунку премьер-министрди эркиндикке чыгаруу талабы менен митингди Сапар Исаковдун туулган күнүнө карата уюштурууну чечишкен. Тынчтык митинги аткаминердин туулуп өскөн кичи мекени Кочкордо өтөт. Нааразы тарапты колдоо үчүн КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Асел Кодуранова келди.

Өзүнүн колдоосу тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаев дагы билдирген.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.