Түштүк-Сахалинскте жоочуларды Сирияга жөнөтүп турган кыргызстандык кармалды

11:40, 29 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Түштүк-Сахалинскте жоочуларды жалдап Сирияга жөнөтүп турган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу «Сахалин-Курилы» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, шектүү Түштүк-Сахалинскке 2015-жылдын декабрында келген. Ал Өзбекстандык 2 жаранга Сирияга кирип кетүүгө жардам кылганы маалым болду.

Кыргызстандык жаранга тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катыштыгы бар жана аларга каржылык жактан колдоо көрсөткөн деген айып тагылууда.