USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чоң-Алайда дайынсыз жоголгон Орусиянын жараны изделүүдө

11:21, 29 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Чоң-Алай районунда Ленин чокусунан түшүп жатып дайынсыз жоголгон Орусиянын жараны изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 45 жаштагы И.И. 27-июлда Ленин чокусунан түшүп жатып 5 миң метр бийиктиктен байланышка чыккан. Ошол бойдон кабары дайынсыз.

Окуя болгон жерге ӨКМден 6 куткаруучу чыгып, саат 00:10до Кашка-Суу айылына жетип түнөп калышкан. 29-июлда эртең менен издөө иштери башталды.


БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18