«Дордой» клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев Кипрде карьерасын улантат

10:56, 29 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргыз улуттук курама командасынын жана «Дордой» футболдук клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев Кипрдеги футболдук клуб менен келишим түздү. Бул тууралуу «Дордой» футбол клубу билдирди.

«28-июлда машыгуу жыйынында Мурзаев «Дордой» менен коштошту. Эми ал жакын арада Кипр өлкөсүнүн клубдарынын биринде карьерасын улантат» деп жазылат маалыматта.

Мурзаев быйылкы сезондо «Дордой» футбол клубунун катарында Кыргыз Премьер-Лигасында 14 оюн өткөрүп, 6 гол киргизгенге жетишкен.