17:35, 26 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Ош облусунун Алай районунда жеңил унаа бийиктиги 26-28 метр болгон бийиктиктен кулап кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 22-июль күнү Ош-Эркечтам унаа жолунда катталды. Алай районунун 45 жаштагы тургуну өзүнүн Daewoo Kalos унаасы менен Гүлчө айылын көздөй бара жатып, жүрөгү кармап калган. Жардан кулаган унааны жергиликтүү тургундар көрүп милиция кызматкерлерине кабар беришкен.
Экспертизанын жыйынтыгында айдоочунун жол кырсыгына чейин эле жүрөгү кармаганы ачыкталды.