12:03, 25 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары үйлөрүнө кайтууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Баткен шаарындагы 5 пунктка жайгаштырылган айыл тургундары бүгүн үйлөрүнө жеткириле баштады.
Ак-Сайдын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, эки орто мектептин жана медресенин имаратына жайгаштырылган.
Эки тараптын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында Исфана-Баткен, Исфара-Ворух жолдору ачылды.