Сокулукта мас аялдын алдында олтурган 5 жашар кыз табылды

11:00, 25 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Сокулук айылында эртең менен мас аялдын алтында олтурган 5-6 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, таң эрте кыз көчөдө уктап жаткан аялдын жанынан табылды. 

Кыз учурда убактылуу Чүй облустук оорукананын балдар бөлүмүнө жөнөтүлдү. Милиция социалдык кызматкерлер менен бирге аялдын документтерин караштырып, кыздын жашоо шартын текшерип чыгышат.